Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны азаюуда

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны азаюуда

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 21-апрель саат 12:00гө карата 67 жүк ташуучу машина турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Бир күн мурун 180дей унаа турганы айтылган.

«Чалдыбар» өткөрмө бекетинде 53, «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде 60 оор жүк ташуучу машина турат. Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин кыйла азайды», — деп айтылат маалыматта.

Акыркы учурда казак тарап чек арадан саатына 3-4 унааны өткөрүп келсе, учурда 8-9дан өтүп жатат. 1-20-апрель күндөрү «Ак-Тилек» өткөрмө бекети аркылуу төрт миң оор жүк ташуучу унаа өткөн.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир аптадан ашык убакыттан бери чечиле элек.

Буга чейин «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү «Кең-Булуң» бекетине жөнөтүлгөнү кабарланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>