Токмоктун мурдагы мэри жана анын кызматкерлери соттолушту
Бишкектин Октябрь райондук соту 6-ноябрда Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, анын кол алдындагы кызматкерлерине жана подрядчы компаниянын жетекчисине өкүм чыгарды.

Сот аларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекетке зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги абакка кесүү чечимин чыгарды. Мындан тышкары, үч жыл бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды.
Токмок мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчилери, ошондой эле подрядчы компаниянын башчысы 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланды.
Техникалык көзөмөл боюнча адис 11 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасына тартылды.
Мурдагы мэр Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Токмокко барып, Чүй облусунун жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Анын жыйынтыгында Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
ГКНБ кийин билдиргендей, бул иш шаардагы паркты көрктөндүрүү жана спорт мектебин оңдоо иштерине байланыштуу болгон. Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган тендерлерди «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсы утуп алган. Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы суммасы 61 миллион сомдон ашкан — анын ичинен 16,4 миллиону спорт мектебине, ал эми 44,283 миллиону паркты оңдоого багытталган.
Спорт мектебин жана паркты оңдоо иштери 2024-жылдын башында башталып, азыркыга чейин толук аяктай элек.