Бүгүн, 29-январга карата Токтогул суу сактагычында 10 млрд 15 млн куб метр суу калды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.
Бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 183 куб метр суу агып кирип, 742 куб метр суу агып чыгууда.
Былтыр ушул эле күнү 9 млрд 357 млн куб метр суу болгон. 146 куб метр агып кирип, 739 куб метр агып чыгып турган.