Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Токтогулда чакан ГЭСтин курулушу башталды
28.04.2023 | 20:30
Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кара-Суу тилкесинде чакан ГЭСтин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, ГЭС куруу үчүн 2,7 га жер бөлүнүп, курулуш иштерин «Кайнама ГЭС» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
“Буга чейин «Кайнама» чакан ГЭСинин долбоору жасалган. 2022-жылы жолу жасалып, суунун жээгине чейинки курулуш иштери бүткөрүлөн. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы линиянын долбоору жасалууда”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда котлаваны казылып, бетондоо иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом