Бишкекте «Чыңгыз Айтматов жана билингвизм» аттуу конференция өттү

Бишкекте «Чыңгыз Айтматов жана билингвизм» аттуу конференция өттү

Бүгүн, 28-апрелде Китеп күнүнө арналган жумалыктын алкагында «Чыңгыз Айтматов жана билингвизм» аталышындагы илимий конференция болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

А. Осмонов атындагы улуттук китепканада уюштурулган конференцияга Роза Айтматова, Мамед Тагаев, Замира Дербишова, Гүлжигит Сооронкулов, Советбек Байгазиев өндүү филология илимдеринин докторлору жана кандидаттары, Самсак Станалиев, Кожогелди Култегин, Меңди Мамазаирова, Гулжамила Шакирова, Кыялбек Урманбетов өңдүү жазуучу, акындар катышкан.

Андан тышкары Казакстан, Өзбекстандан, Кытай жана Орусиядан келген чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан.

«Иш-чарага Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов модераторлук кылды. Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова мамлекеттик ишмердин кызы, «эл душманынын баласы», даңкы таш жарган жазуучунун уялаш бир тууганы болуш кандай болгону жана конференцияныны багыты боюнча, агасынын чыгармаларында орус жана кыргыз тилдеринин, маданияттарынын өз ара жуурулушу процесстери жөнүндө учкай кеп кылды», — деп билдирет министрлик.

Конференциянын баяндамачылары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы кош тилдүүлүк, анын чыгармалары жөнөкөйдөн татаалга бийиктеп отуруп, ааламдык алкакта ой жүгүртө алган каармандардын өзгөчө галереясын түзүп кеткенин кенен кеп кылышкан

Конференциядан соң Казакстан, Өзбекстандан, Кытай жана Орусиядан келген коноктор Ч. Айтматовдун үй-музейине барып таанышышкан. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит көрүстөнүнө барышты.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>