Токтогулда коомдук бирикме ФАП салып, таза суу чыгарып берүүдө

Токтогулда коомдук бирикме ФАП салып, таза суу чыгарып берүүдө

«Ас-Сафа” эл аралык коомдук бирикмеси Токтогул районунун Арал айылында фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) салып берүүдө. Бул тууралуу “Репортёрго” айыл башчы Малабай Турдалиев билдирди.

Анын айтымында ФАПтын курулушуна жергиликтүү тургундар тартылып, март айынын алгачкы күндөрүндө башталган.

“Кувейт өлкөсүндөгү кайрымдуу адамдар каржылаган “Ас-Сафа” эл аралык коомдук бирикмеси биздин “Арал” айылыбызга ФАП салып берип жатат. Ал жерди медициналык жабдуулар менен да толук камсыздап беришет. Курулуш иштери апрелди этектеп бүтүп калат. Муну менен кошо айылга таза сууда чыгарып берип жатышат”, — деди Малабай Турдалиев.

Белгилей кетсек, “Ас-Сафа” эл аралык коомдук бирикмеси пандемия башталгандан бери кыргызстанга  төрт катмарлуу беткаптарды, бетти коргоочу калкандарды, PPE костюмдарды, инфракызыл термометрлерди, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды берип жана 3 күндүзгү стационарларды уюштурууга көмөк көрсөткөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>