Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Токтогулда заманбап мал соючу жай курулууда
24.10.2025 | 10:07

Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарында жаңы заманбап мал союучу жай курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жайда күнүнө 15тен 40 башка чейинки бодо малды санитардык талаптарга ылайык союуга мүмкүн болот. Объектини ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Долбоордун жалпы наркы 8 млн 147 миң сомду түзөт. Анын 2 млн 745 миң сому райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ал эми 5 млн 402 миң сомун бул долбоорду демилгелеген жеке ишкер Раханова Зуура каржылаган.
Министрлик ушул эле аймакта 2026-жылы этти кайра иштетүүчү цехти куруу иштери башталарын, учурда ага даярдык иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом