Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Бишкекте BMW бурулуп жаткан минивэн менен кагышты. Скутер кайдан пайда болду?
24.10.2025 | 10:33
Бишкекте табышмактуу жол кырсыгы болду, эки унаа кагышкандан кийин белгисиз жерден скутер пайда болгон. Видеодо BMW үлгүсүндөгү унаа 7-Апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде светофордо токтоп турганын көрүүгө болот.
Жашыл жарык жанганда унаа алдыга жүрүп, 7-Апрель көчөсүнөн Чүй проспектисинин батыш тарабы көздөй бурулуп жаткан Honda Stepwgn унаасы менен кагышкан.
Кадрда кагылышуудан кийин минивэн Чүй проспектиси менен кыймылын улантканын, ал эми жолдо оодарылып жаткан скутер пайда болгонун көрүүгө болот. Жол кырсыгы 22-октябрда саат 9:34 чамасында болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар