Токтогулда жаңыланган стадион ачылды

Бүгүн, 14-сентябрда Токтогул шаарында Эргеш Ормонов атындагы стадион салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышканын футбол биримди маалымдады.
Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын «Токтогул» жана «Базар-Коргон» футбол клубдарынын беттеши менен уланды.
Жаңы спорттук арена 2 гектар аянтты ээлейт, 3 450 көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадиондо заманбап шарттагы кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик жана функционалдык жайлар, VIP жана медиа өкүлдөрү үчүн орундар, ошондой эле VAR-системасы орнотулган.
Негизги оюн талаасы жасалма чөп менен жабдылып, айланасы чуркоо аянтчасы менен курчалган. Стадион заманбап жарык берүүчү система менен камсыздалып, кечки беттештерди өткөрүүгө толук шарт түзүлдү.