Токтошев: Конституциянын долбооруна автор экенимди соцтармактан билдим

Токтошев: Конституциянын долбооруна автор экенимди соцтармактан билдим

Коомдук талкууга чыккан Конституциянын долбооруна демилгечи болгону көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев долбоорго автор экенин социалдык тармактан көргөн. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына видео кайрылуу жарыялады.

“Мурдагы күнү бир топ депутаттар Конституцияны өзгөртүүгө демилге тобуна кол топтоп жатышканын билдиришти. Мен парламентаризмдин жактоочусу катары ушул процесске катышуу ниетинде кол коюп бергем. Кечээ сурасам даяр долбоорду көрсөтүшкөн. Мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымды айттым. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!”, – деген ал.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына жарыяланды. Анын демилгечилери катары 80 депутаттын аты жазылган.

Долбоордогу негизиги өзгөрүүлөр : Элдик Курултай институту түзүлөт.  Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектейт. Ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болот. Жогорку Кеңештин депутаттары 90го азаят ж.б.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>