Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Төмөнгө түшкөн кулжаларга бийлик чөп чачууда (ВИДЕО)
01.06.2022 | 19:04
Ысык-Көл облусунда унаа жолго түшүп алган кулжаларга тоют жеткирилип, коргоого алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, кечээ, 31-майда министрликтин инспекторлору “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызматкерлери жана “Илбирс” фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Жети-Өгүз районундагы Арабел ашуусундагы кулжалар автоунаа жолуна түшүп алышкан аймакка барышып, тоюндуруш үчүн 1,5 тонна чөп чачышкан.
Азыркы учурда кулжалар коргоого алынган. Аба ырайы жакшырганга чейин жапайы жаныбарларга чөп чачылат.
Буга чейин социалдык тармактарга калың кардан улам кулжалар ылдыйга түшкөн видео тараган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар