Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдыктарды текшерди

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдыктарды текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Нарын дарыясында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев эки жылдын ичинде жолдорду, көпүрөлөрдү, жайларды калыбына келтирүү, куруу жана жумушчулар үчүн башка керектүү инфраструктураларды түзүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Биринчи ГЭСти сегиз жылдан кийин ишке киргизүү пландалууда.

Акылбек Жапаров объекттеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.

Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон Камбар-Ата ГЭС-1 жылына 5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча дамбанын бийиктиги 256 метрди түзүп, ГЭСте топтолгон суунун көлөмү 5 миллиард куб метрден ашуусу мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>