Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Тоңдо фейерверк ташыган Howo кырсыктап, айдоочусу каза болду (видео)
29.11.2023 | 09:30
28-ноябрда Ысык-Көлдүн Тоң районунун аймагындагы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жарылуучу пиротехникалык заттарды ташыган Howo оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан.
Окуя жерине саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо 29-ноябрга караган түнү саат 01:31де өчүрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз