Бала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты
Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди
11.02.2026 | 10:50

Аба ырайынын өзгөрүшүнө жана кар жааганына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда 11-февраль кечки саат 03:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда жолдорду тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатканына карабастан, жол ачык жана транспорттук каттам бар.
Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежелерин сактоого жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом