Тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн

30.01.2024 | 23:43

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

– Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

– Бишкек— Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),

– Мырзаке — Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,

– Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

– Сары-Таш — Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,

– Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

– Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top