Бишкектеги Ысык-Ата жаракасына жакын 4 кабаттан ашык үйлөр жок

Бишкектеги Ысык-Ата жаракасына жакын 4 кабаттан ашык үйлөр жок

Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү үйлөр Ысык-Ата жаракасынын коопсуз аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек башкы архитектурасынын башчысы Урмат Карыбаев билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов “Асанбай” кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн Ысык-Ата жаракасына жакындыгын сурады.

Урмат Карыбаевдин айтымында, аталган үйлөр коопсуз жерге курулган.

“Ысык-Ата жаракасы үчтөн беш зонага чейин бөлүнгөн. Анын 4үнчү зонасында төрт кабатка чейин үй курууга болот. Андан бийик имараттар алысыраак, 3чү жана 2чи бөлүгүндө курулат, бирок сапатына талаптар бар”, — дейт ордо кааланын башкы архитектору.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулунун айтымында, өткөн кылымда, кеңеш доорунда дагы тектоникалык жаракага жакын үй курулбасын деген талап болгон эмес.

Ысык-Ата жаракасы  — Бишкектин түштүк аймагындагы жер астындагы узундугу 150 чакырым, тереңдиги 20 чакырымга чейин кеңдиктектеги жарака.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>