Тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:

— Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),

— Бишкек— Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),

— Мырзаке — Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,

— Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

— Сары-Таш — Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,

— Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

— Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>