Төрага менен депутат үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүгө каршы чыкты (видео)

Төрага менен депутат үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүгө каршы чыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо менен төрага Нурлан Шакиев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору кыргыз элинин менталитетине, кадаа-салтына каршы келет.

Самыйкожо билдиргендей, мыйзам долбоорунда аял менен күйөөсү урушуп кетип, жубайы милицияга арыз жазса, жолдошуна 10 күндөн 30 күнгө чейин үйгө келүүсүнө тыюу салуу тууралуу норма бар. Ошондой эле мыйзамда балдардын укугу боюнча норма толукталган. Депутаттын пикири боюнча, ал норма кабыл алынса, ата-эне балдарын тарбиялай албай калат.

«Кыргыз эли илгертеден ыйман, нарк-насил менен жашап келе жатпадык беле! Бизде ушул жерде канча мыйзам жазылса, жарымы иштеп, жарымы иштебей келет. Бирок кыргызды кыргыз кылып каада-салт, үрп-адат сыяктуу жазылбаган мыйзамдары сактап келе жатат. Мен да үй-бүлөлүк зомбулукка каршымын. Эркек адам үй-бүлөгө зомбулук кылбайт, аялга апаат болбойт. Зордук-зомбулукка каршымын, бирок ага байлап алып, ички мыйзамдарды талкалап албайлы.

…Биз – кыргызбыз. Биз салт менен жашайлы. Мыйзамдар болсун, бирок менталитет, салт кирсин. Наркка, ата-бабаларыбызга карап жашайлы. Эртең балаң менен келиниң урушуп кетсе, балаңды 30 күнгө кубалап ийсе, келиниң сени менен кайсы бети менен жашайт?! Ата-энеси келини менен кантип 30 күн жашайт?!”, — деди ал.

Анын айткандарын төрага Нурлан Шакиев колдоп, кадаа-салт мыйзамдан жогору турарын билдирди.

«Мирлан Самыйкожонун пикирине толук кошулам. Үй-бүлөлүк маселеге келгенде, кыргыз элинде улуттун өзүнүн мыйзамдан жогору адеп-ахлактары бар. Туптуура айтат. Эгер ушул мыйзамдын негизинде жашай турган болсок, атасы баласы менен, күйөөсү аялы менен соттошуп жатып калат. Кыргыздын каада-салты бар. Албетте мыйзам менен жашайбыз, бирок мыйзамдарда биздин менталитет эске алыныш керек», — деди ал.

Андан кийин Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоорун комитетке кайтаруу тууралуу сунуш берип, аны 53 депутат колдоп берди. Жыйынтыгында мыйзам артка кайтарылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>