Кыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштү
Оор жүк ташуу унаалар жайында түнү гана жолго чыга алат
29.05.2024 | 12:10
1-июндан 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Салмагы 18 тоннадан ашкан транспорт жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүрө албайт.
Чектөөнүн жүргүнчү, гуманитардык жардамды, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган жана жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) тиешесүү жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом