БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Төрага Нурлан Шакиев баштаган делегация Россияга учуп кетти
05.12.2022 | 09:43
Кечээ, 4-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россиянын баш калаасы Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.
Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом