Абакта асынган абалда табылган эки шектүүнүн өлүмүнүн чоо-жайы

Абакта асынган абалда табылган эки шектүүнүн өлүмүнүн чоо-жайы

Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү деп кармалган төрт адамдын экөө Ош шаарындагы тергөө абагында өз жанын кыйган фактысы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыпталуучулардын өз жанын кыюу фактысы боюнча материалдар ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалым болгондой, саат 01:50 чамасында Ош шаарындагы СИЗО-5 камерасынан айыпталуучулардын жансыз денелери табылган.

Алар — 25 жаштагы Ш.М. жана 24 жаштагы А.уулу С. болгон. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

ИИМдин кызматкерлеринин шалаакылыгы фактысы боюнча да материалдар прокуратура тарабынан каттоого алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөрдүн денесинде жаракаттар болгон эмес.

Үчүнчү айыпталуучу — жашы жете элек өспүрүм Жалал-Абад облусундагы коопсуздук мекемесинде, төртүнчүсү Ош шаарындагы №5 СИЗОдо камакта.

Эскерте кетсек, жакында эле аталган иш сотко өтүп, төрт шектүүгө айып тагылган, алардын бири өспүрүм.

4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Андан кийин бул ишке шектүү катары төртүнчү адам колго түшүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>