Төрага Тургунбек уулу: Парламент таркабайт, быйыл күзүндө шайлоо болбойт

Төрага Тургунбек уулу: Парламент таркабайт, быйыл күзүндө шайлоо болбойт

Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президенттик шайлоо өз убагында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Жыйында ал депутаттар тобу шайлоо системасын өзгөртүү үчүн жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкканын, ал президент менен макулдашылганын сөз кылып, бирок азыр «парламенттик шайлоо күзүндө өтөт» деген сөздөр чыгып жатканын айтты.

«Элге татыктуу, жарашыктуу мыйзамды кабыл алабыз деп ишенем. Коомчулукта «парламент мөөнөтүнөн мурда тарап, күзүндө шайлоо болот экен» деген сөз болуп жатат. Мунун баары куру, бекер сөз. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда болбойт. Шайлоо келерки жылы, өз убагында өтөт. Бир күн да, бир ай да мурун болбойт», — деди ал.

Сөзүн улай ал президенттик шайлоо да өз убагында өтөрүн билдирди.

Тургунбек уулу VII чакырылыштын депутаттары келерки шайлоого чейин дагы 1,5 жылдан ашык убакыт иштей турганын айтып өттү.

Эскерте кетсек, азыркы депутаттар 2021-жылы ноябрда, ал эми президент 2021-жылы январда шайланган. Жогорку Кеңеш 5 жылга, президент мурдагы Конституция боюнча 6 жылга шайланып келген.

Белгилүү болгондой, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган.

Алар сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште азыркыдай эле 90 депутат болот. Алар парламентке мажоритардык тутум боюнча 5 жылга шайланып келет. Ал үчүн өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн эл өкүл шайланат. Мандат эң көп добуш алган үч талапкерге тиет.

90 мандаттын 30у аялдардын квотасына таандык. Тиешелүү округ боюнча аял талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган аял киши депутат болуп шайланат. Ошондо парламентте кеминде 30 аял депутат болот.

Эгер депутат мандатын тапшырса же ажыратылса, кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Анын ордуна шайланып келген округу боюнча көп добуш алган кийинки талапкер эл өкүлү болот.

Эгер айым депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>