Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Депутат болгон Гүлсункан Жунушалиева Жогорку Кеңеште ант берди
19.02.2025 | 10:16
Гүлсункан Жунушалиева бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.
Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат.
Эскерте кетсек, 18-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырган. «Ата-журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Култаеванын мандаты талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган Гүлсункан Жунушалиевага тийген.
https://reporter.kg/deputat-kultaeva-mandatyn-tapshyryp-orduna-zhunushalieva-keldi/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом