Ушул тапта Жогорку Кеңешке трактор айдаган жарандарга укук бере турган айдоочулук күбөлүктү берүү жоболоруна өзгөрүү кирип жатат. Айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, айдоочулук күбөлүк берүү жеңилдеп жатат.
“Азыр иштеп жаткан мыйзамда тракторист айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн 6 категория менен берилет. Абдан татаал процедура. Ал эми биз сунштап жаткан мыйзамда, булар жеңилдейт. 6 категориянын ордуна, 3 категорияны сунуштап жатабыз. 16 жашында 77 киловатка чейин каз тамандуу тракторлорду айдоого мүмкүнчүлүк алат. Себеп, азыркы мыйзамда 25 киловатка чейин деп көрсөтүлгөн. Айыл-чарбасында өтө сейрек колдонулуучу тракторлор. Ал эми 2-категорияны 77 киловаттан 2 кубга чейин сунуштап жатабыз. Бул категорияны бир жылдан соң, 17 жашынан кийин ала алышат. Ал эми 3-категория болсо 2 жылдан кийин 2 кубдан өйдө ала алышат. Муну менен жарандарга айдоочулук күбөлүгүн алууну жеңилдетет”- деди.