Кайра шайлоо. БШК 18 талапкерди расмий түрдө каттады

Кайра шайлоо. БШК 18 талапкерди расмий түрдө каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышууга арыз берген 51 талапкердин 18ин каттады. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Боршайком талапкерлердин жакындарын алар үчүн добуш алууга кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салына турганын эскертти.

«Үгүт иштерине үй комитеттерин жана квартал башчыларын тартууга да болбойт. Үгүт иштерине менен алек болгондордун кызматына шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен гана төлөө зарыл. Эгерде талапкер шайлоо фондуна көрсөткөн каражаттан сырткары башка жактан үгүтчүгө акча төлөп берсе, анда ал шайлоодон четтетилет», — деп маалымдады БШК.

7-февралга чейин БШК талапкерлерди катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Кайталап шайлоо 27-февралда өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>