Орозайым Нарматова: 5 жылда дагы бир диплом алып, кайра келем

Орозайым Нарматова: 5 жылда дагы бир диплом алып, кайра келем

Мен келээрки беш жылда Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Урматтуу достор! Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин сотко берип, доолашпайт экенимдин бирден бир себеби да ушул эле, анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис.Мен келээрки беш жылда Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем. Ал эми менин «соттошпойм»-деген чечимимден улам, фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп»баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек»-деп бүгүн тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты. Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага «эми эмне менен алек болосуң»-деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, «саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын»-деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда, бирок ар дайым эфирде болом буйруса. Айгүл эжекеме ийгилик каалаймын! Буйруса биздин партия мыйзамдын диктатурасы кандай болоорун трибунада көрсөтөт” – деп жазды.

Нарматова депутаттык мандатын БШК диплом чуусуна байланыштырып ажыраткан болчу. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети БШКнын чечиминин мыйзамдуулугун караары кабарланган. Анын ордуна Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Жогорку Кеңеш Орозайым Нарматованын мандаты боюнча териштиргени калды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>