Трамп бийликти Байденге тынч өткөрүп берүүнү убадалады

Трамп бийликти Байденге тынч өткөрүп берүүнү убадалады

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Вашингтондогу зордук-зомбулукту айыптап, башаламандыктар болуп өткөн окуяны төлөп берет деп убада кылды. Анын видео кайрылуусу Твиттерге жарыяланган.

Трамп 20-январда ишин баштай турган демократ Жо Байдендин жаңы администрациясына бийликти өткөрүп берерин ишендирди.

«Менин көңүлүм эми бийликтин үзгүлтүксүз, тартиптүү өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга бурулуп жатат», — деди Америка лидери.

Трамп америкалыктарды ынтымакка чакырды.

«Өлкө жарандары, сиздин президент болуп кызмат кылуу менин жашоомдун башкы сыймыгы болду. Менин колдоочуларым, сиздердин көңүлүңүздөр чөгүп тургандыгын билем, бирок ошондой эле биздин улуу өнөктүк жаңы башталып жаткандыгын билишиңизди каалайм», — деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, 6-январда АКШ президенти Дональд Трамптын тарапкерлери Конгресстин жыйыны өтүп жаткан Капитолийдин имаратына кирип барышып, жаңжал чыгарышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>