Транспорт департаментинин адиси 60 миң сом пара менен кармалды

Транспорт департаментинин адиси 60 миң сом пара менен кармалды

УКМК коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башкы адиси А.Т.Т. тарабынан пара алуу фактысын аныктап, ага бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 18-февралында А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсү аркылуу коркутуу менен акча талап кылган.

Ошондой эле, А.Т.Т. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Т.Т. 2025-жылдын 19-апрелине чейин  №1 тергөө абагына  киргизилди.

УКМК кызмат адамдарынын арасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди  улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>