Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Транспорт министри Нарын—Баетов жолун10 күндө асфальт басууну тапшырды
24.07.2025 | 19:33
Транспорт жана коммуникациялар Министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын—Баетов жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр жолдун 8–13-чакырымдарындагы курулуштун жүрүшүнө сын айткан. Ал подрядчы тараптарга 10 күндүн ичинде асфальт төшөө боюнча так тапшырма берди.
Ошондой эле, Сыргабаев аталган трассадагы 72 метрлик көпүрөнүн курулушун ылдамдатууну буйруду. Анын айтымында, жолдун сапаты жана өз убагында бүтүрүлүшү Нарын элинин күнүмдүк турмушуна түз таасир этет.
Рубрики: Жаңылыктар