Министрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо
Жалил Атамбаев кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелип кармалды
24.07.2025 | 19:31
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо боюнча шектүү катары Жалил Атамбаевди кайрадан кармаганын билдирди.
Маалыматка караганда, ал Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери болуп саналат. Атамбаев буга чейин Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Хуршид Абдувалиевдин ишмердүүлүгүн каржылап жүргөнү үчүн кармалган.
2024-жылдын декабрында анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан чыгарылып, үй камагына алынган. Бирок тергөө маалында ал бир нече ирет тергөө органдарынын чакыруусуна келбей, процессуалдык милдеттерин аткаруудан баш тартканы аныкталды.
Мындан улам, УКМК тарабынан ага карата кайрадан бөгөт чарасы колдонулуп, камакка алынганын мекеме билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар