Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурады
ЦУМда 256 GB iPhone’дорду 1 TB катары саткандар кармалды
27.08.2025 | 10:33

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети борбордогу ири дүкөндөрдүн биринде алдамчылык фактысын аныктады.
Маалыматка ылайык, ЦУМдагы “Мостовой” соода түйүнүндө иштеген айрым сатуучулар телефон оңдогон адистер менен тил табышып, смартфондордун микросхемаларын алмаштырышкан. Натыйжада, 256 GB эс тутумдагы iPhone’дор жасалма түрдө 1 TB деп көрсөтүлүп, кайра кутуга салынып, жергиликтүү басмаканада даярдалган “заводдук” стикер менен жаңыдай сатылган.
УКМК сатып алуучуларга телефондорун iUnlocker сайты аркылуу текшерүүгө чакырат. Эгерде заводдук параметрлерине туура келбесе же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, жарандар 0 995 300 871 номуруна байланышса болот.
Рубрики: Жаңылыктар