УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
Душанбеде КМШнын Экономикалык кеңешинин отуруму өтөт
27.08.2025 | 10:34

5-сентябрда Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ага Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Орусиянын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын өкмөт башчыларынын орун басарлары, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлү катышат.
Отурумда мамлекеттер аралык экономикалык кызматташуу, соода байланышы жана КМШ алкагындагы биргелешкен долбоорлорго байланышкан актуалдуу маселелер талкууланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: КМШ