8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалды
Tunduk тиркемесинде жаңы кызматтар пайда болду
15.04.2025 | 15:44
Tunduk мобилдик тиркемесинде жарандар үчүн дагы эки кызмат жеткиликтүү болду. Бул туурадуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги маалымдады.
Эми жарандар төмөнкү маалым каттарды электрондук форматта ала алышат:
- Психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалым кат;
- Наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалым кат.
Буга чейин тиркеме аркылуу соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым катты алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашкан.
“Бардык маалымкаттар санарип түрүндө берилип, мекемелерге жеке кайрылуунун зарылдыгы жок. Алар смартфон аркылуу 24/7 жеткиликтүү жана толук юридикалык күчкө ээ, ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык органдар бул документтерди кагаз көчүрмөсүн талап кылбастан кабыл алууга милдеттүү”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом