Түп районунда заманбап реабилитациялык борбор курулат

18.08.2025 | 15:17

Ысык-Көл облусунун Түп районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн заманбап реабилитациялык борбордун курулат. Борбордун курулушуна капсула салуу аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, реабилитациялык борбордун курулушу жеке инвесторлордун эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоорду 2026-жылы бүтүрүү пландалууда. 

Реабилитациялык борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга медициналык, психологиялык жана социалдык кызматтарды көрсөтөт. Борбордо тиешелүү инфраструктура түзүлөт.

Адылбек Касымалиев иш-чарада сөз сүйлөп, бул жарандардын аярлуу катмарын колдоого багытталган маанилүү социалдык долбоор экенин белгилеген.

“Бүгүн биз майыптар үчүн заманбап реабилитациялык борбордун курулушун расмий түрдө баштайбыз. Бул өзгөчө колдоого муктаж адамдарга боорукердикке жана камкордукка болгон кадам. Мындай демилгелердин ишке ашырылышы өлкөнүн экономикасынын өсүп-өнүгүшүн ачык көрсөтүп турат”, – деген ал.

Scroll to Top