Кыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт
Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов коррупцияга шектелип кармалды
18.08.2025 | 15:10

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту маалымдады.
Соттун чечими менен Ормонов 4-сентябрга чейин камакта калды. Ага уюшкан топтун жана кылмыштуу чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөө, ошондой эле оор залал келтирүү боюнча айып тагылганы айтылууда.
Эске сала кетсек, Жапарбек Ормонов 2023-жылдын август айында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган. Буга чейин ал Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ош шаарынын мэринин орун басары жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар