Турак жай комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өткөрүлдү

Турак жай комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өткөрүлдү

Жеке менчикке мыйзамсыз берилип, андан кийин сатылып кеткен Бишкек шаарындагы жердин ордуна мамлекетке коммерциялык жай өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 1996-жылы Бишкектин мэриясынын токтому менен «Кайнар» компаниясына Горький көчөсүндөгү ботаникалык бактын жанынан 64 сотых жер убактылуу пайдаланууга берилген.

2012-жылы «Кайнардын» жетекчилери муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын жашыруун көмөгү менен аталган жерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүшкөн. Кийин жер тилке курулуш компаниясына 1 млн 400 миң долларга сатылган. Учурда ал жерге «О2 Эко комплекс» турак жай комплекси курулуп жатат.

«УКМК жүргүзгөн иштин жыйынтыгы боюнча «Кайнар» ЖАКсынын жетекчиси Ш.Т.А. мыйзамсыз сатылган мүлктүн ордун толтуруу үчүн курулуп жаткан турак жай комплексиндеги аянты 373,63 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Ошондой эле келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди», — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>