Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Сокулук районундагы үрөн кампасы мамлекетке өттү
13.03.2025 | 16:37
Чүйдүн Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы мурдагы «Карл-Маркс» колхозунун 1,24 гектар үрөн кампасы мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, кампанын имаратын жана ага таандык жердин бир бөлүгүн мурдагы айыл өкмөт башчысы С.Т.М. ээлеп, мыйзамсыз курулуш куруп, колдонуп келгени аныкталган. Ал эми үрөн кампанын негизги бөлүгүн жергиликтүү эл колдонуп келген.
УКМК буга чейин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын айрым кызматкерлери жеке кызыкчылыктарынан улам кампаны муниципалдык менчикке каттоодон баш тартып келгенин билдирди. Мурдагы айыл өкмөт башчы кампаны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар