Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Түштүк Кореяда кыргыз кийизинин көргөзмөсү ачылды
05.09.2025 | 14:28

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалынын алкагында Кыргызстандын “Кыргыз кийиз касиети” аттуу көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Көргөзмөдө кыргыз кийизинин тарыхый жана маданий орду, улуттук оюм-чиймелердин маңызы көрсөтүлдү. Катышуучулар кыргыз элинин уникалдуу мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чарага Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышып, көргөзмө Кыргызстанды дүйнөлүк маданий мейкиндикке таанытууда маанилүү экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы