Түштүк Кореянын колдоосу менен Улуттук госпиталдын жаңы корпусу курулат

16.03.2026 | 16:44

«Медициналык шаарча» демилгесинин алкагында Улуттук госпиталдын жаңы корпусун куруу жана аны модернизациялоо долбоору иштелип чыгууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул багыттагы иштер Түштүк Кореянын Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фондунун (EDCF) колдоосу менен ишке ашырылат.

Аталган фонддун жардамы менен учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу долбоору да жүзөгө ашырылууда. Мындан тышкары, Эл аралык саламаттык сактоо боюнча Корея фонду (KOFIH) тарабынан Ли Джон-вук атындагы стипендиялык программа аркылуу кыргызстандык медицина адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуусу камсыз кылынат.

Бул долбоорлор Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэнин жолугушуусунда талкууланды. Тараптар 2024-жылдын декабрында түзүлгөн ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө жана 2026-жылы өтө турган «Борбордук Азия — Корея Республикасы» саммитине даярдык көрүү маселелерин карашты.

Министрлик Корея тарабынан берилүүчү гуманитардык жардам жана медициналык миссиялар үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо багытында кызматташууну улантууну ырасташты.

Scroll to Top