Түтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү

20.10.2025 | 17:13

Өткөн дем алыш күндөрү «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан «Ганси» автодромунда дрифт боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты болуп өттү. Мелдеш Борбор Азия Кубогуна айланып, коңшу өлкөлөрдүн чемпиондору да катышышты.

Кыргызстандык Калысбек Аскаров дрифт өтө кымбат спорт түрү экенин жана чоң чыгымды талап кыларын айтты. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен ал спортко кайра кайтып келип, былтыр Өзбекстандын чемпиону болгон.

Ташкенттен келген катышуучу Дильшод Юсупов мелдештин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындай иш-чаралар аймакта автоспорттун өнүгүшүнө өбөлгө болорун билдирди.

Эки күндүк дрифт-жарыштардын жыйынтыгында, чемпионаттын баш байгесин казакстандык спортчу жеңип алды. Бардык катышуучулар кийинки мелдештерге да катышууга даяр экендиктерин айтышты.

Scroll to Top