Туура эмес жазарын да ката менен жазып моюнуна алган мэрдин кеңешчиси – сүрөт

Туура эмес жазарын да ката менен жазып моюнуна алган мэрдин кеңешчиси – сүрөт

Бишкек мэринин кеңешчиси Асхат Осмоновдун балдарын кыргыз тилдүү мектептен, орус тилдүү мектепке которгондугу тууралуу “Фейсбук” баракчасындагы билдирүүсү кызуу талкуу жаратууда.

Анда элдин көңүлүн ал жазган окуя эмес, анын кыска текстиндеги көп ката бурууда.

Бирок көп узабай аталган текст тууралуу Асхат Осмонов дагы бир билдирүү калтырып, ката жазарын моюнуна аларын, анткени аталган текст эмоция менен жазылгандыгын айткан. Бирок туура жаза албастыгын моюндаган тексте да ката кеткенин белгилеген интернет колдонуучулары бул окуяны шакабага айлантышууда.

Белгилей кетсек, Асхат Осмонов мэрге кеңешчи болуп октябрдагы баш аламандыктардан кийин дайындалган. Күздөгү бийлик алмашууда салым кошкон партиялардын бири “Чоң казаттын” активдүү мүчөсү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>