Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу качан колдонууга берилери айтылды
23.12.2023 | 15:30
Эмки жылы Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйында билдирди.
Андан тышкары, 2024-жылы Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат.
Минкаб Түп–Кеген, Каркыра–Турук–Сары-Жаз, Балыкчы–Бөкөнбаев– Барскоон, Нарын–Баетово, Ала-Бука–Жаны-Базар–Кировка, Ош–Баткен–Исфана жолдорун реконструкциялоо иштери улантат.
“Корумду–Балбай Баатыр автожолун реконструкциялоо иштери башталат. Кытай менен 3-альтернативдүү жол-Бедель жаңы өткөрмө пункту пайда болот. Эркештамда 4 тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз