ИИМдин Академиясынын 3 курсанты президенттик стипендияга татыды

ИИМдин Академиясынын 3 курсанты президенттик стипендияга татыды

ИИМдин Академиясынын курсанттары президенттик стипендия алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайларынын 75 студентине президенттик стипендия тапшырды.

Мыктылардын катарында милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын курсанттары Асель Залкарбек кызы, Айсанат Маликова жана Бермет Тилебалдыева бар.

Стипендия алууга ИИМдин Академиясынын 5 курсантынын жана 2 студентинин жетишкендиктери боюнча документтер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 3 курсант президенттин стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

«Курсанттар президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты», — деп билдирет ИИМ.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>