Тыныбекова дүйнө биринчилигинин жарым финалына чыкты — видео

Тыныбекова дүйнө биринчилигинин жарым финалына чыкты — видео
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жарым финалга өттү.

Ал жарышка бүгүн, 12-сентябрда чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи кармашында болгариялык балбан Биляна Дудова менен чыгып, аны 3:2 эсебинде жеңди. Андан кийинки беттешинде германиялык спортчудан күчтүү чыкты. Кармаш 4:0 эсебинде аяктады.

Жарым финалдык беттеш Бишкек сааты боюнча 20:45те башталат.

Эскерте кетсек, буга чейин жарым финалга балбан Жоламан Шаршенбеков чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>