Акыркы он жыл аралыгында дүйнөлүк геосаясатта жаңы күчтөр пайда болууда. Алардын бири бул– (ТМУ) Түрк мамлекеттер уюму. Уюм 2009-жылы төрт мамлекет менен гана түзүлсө, бүгүнкү күндө сегиз мамлекет жана бир эл аралык уюм ТМУга мүчө болуп кошулган. Биз атаган бул сандар түрк дүйнөсүнүн глобалдык аренадагы орду күн санап бекемделип жатканынан кабар берет. “Reporter.kg” бул ирет Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнө токтолот.
Кыргызстан үчүн быйыл, 2025-жылы Уюмга төрагалык кылуу милдети жүктөлгөн. Анын алкагында, Кыргызстандын дипломатиялык активдүүлүгү ТМУнун натыйжалуу иштөөсү үчүн маанилүү роль ойнойт.
Деги эле ТМУ өзүнө эмнени камтыйт, эмне иш алып барат деген суроого токтоло турган болсок, терроризм, экстремизм, чек ара коопсуздугу, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу маселелерди биргелешип чечүү механизмдерин иштеп чыгып, аймактык стабилдүүлүктүн жаңы моделин сунуш кылып жатканын мисал келтирсе болот. Бул багыттагы аракеттер ТМУну «жөн гана маданий биримдик» деген түшүнүктөн алыстатып, реалдуу коопсуздук платформасына айлантууда.
Ал эми экономика маселесине токтоло турган болсок, ТМУнун экономикалык мейкиндиги чоң экендигин белгилей кетүү зарыл. Уюмдун аймагында 170 миллион калк, 4,5 миллион чарчы км аймак, 860 млрд доллардык тышкы соода жүгүртүүсү бар. Бирок ички сооданын үлүшү 5% чегинде гана. Уюмдун максаты бул көрсөткүчтү жакын арада 10%га жеткирүү. Бул үчүн Түрк инвестициялык фонду, санариптик экономикалык өнөктөштүк жана бажы кызматташтыгы боюнча ири долбоорлор ишке ашууда.
Ал эми эл аралык интеграция маселесине келе турган болсок, ТМУнун эл аралык уюмдар БУУ, ФАО, ДСУ, ЮНИДО сыяктуу уюмдар менен кол коюлган документтер ТМУнун гуманитардык жана өнүгүү маселелеринде дүйнөлүк стандарттарга ылайык иш алып барып жатканына ачык далил.
Маданият жана билим берүү маселесинде, “Табаррук Зиярат” жана “Түрк Жибек жолу” сыяктуу маданий долбоорлор уюмдун тарыхый мурасын арттырып, туризм аркылуу экономикалык баалуулукка айландырууда.
Ошондой эле Кыргызстандагы алты жогорку окуу жайы ТМУнун билим берүү биримдигине мүчө. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк элдеринин маданий мурастарын дүйнөгө таанытып келет. 2025-жылы Жалал-Абад шаары түрк дүйнөсүнүн расмий туризм борбору деп аталган.
ТМУдагы Кыргызстандын ролу тууралуу сөз кыла турган болсок, 2024-жылы Кыргызстанда өткөн Бишкек саммитин трансформациялык учур десек ашыкча болбойт.
Бишкекте өткөн ТМУнун 11-Саммитинде 16 маанилүү документке кол коюлган.
Алардын ичинде:
• “Бишкек декларациясы”,
• “Жашыл каржы кеңешин түзүү”,
• “Санариптик өнөктөштүк келишими”,
• “Коргоо жана өзгөчө кырдаалдарда жарандарды биргелешип коргоо механизми”.
Эскерте кетсек, Кыргызстан ТМУга 2025-жылга чейин төрагалык кылат. Бул учурда өлкө уюмдун санариптик борбору катары да маанилүү миссияны аткарат.
Бишкекке “Түрк дүйнөсүнүн санарип борбору” статусунун берилиши Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул өлкөнү регионалдык санариптик хаб катары көрсөтүү менен бирге, ички кадрдык жана технологиялык потенциалды да өнүктүрүүнү талап кылат.
ТМУнун логистика тармагындагы ири долбоору – Ортоңку коридор. Бул Кытай менен Европаны байланыштырган, Кыргызстан аркылуу өтө турган маанилүү соода жолу. 2024-жылдын декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, бул долбоор Чыгыш менен Батышты байланыштырар стратегиялык көпүрө болуп калат деп айтылууда.
Сөз аягында жыйынтыктап айта турган болсок, Түрк мамлекеттер уюму – бул аймактык интеграциянын жаңы формасы. Ал тарых, тил жана саясий кызыкчылыктын негизинде түзүлгон. Эми Уюмдун ишинин мындан ары ийгиликтүү болушу үчүн саясий прагматизм, коомдук колдоо жана реалдуу долбоорлорго басым жасоо зарылчылыгы бар. ТМУнун келечеги дал ушул балансты канчалык деңгээлде сактай алаарына жараша болот.