Түркияда кыргыз жараны бараткан унаа дарыяга кулап, ал каза болду

Түркияда кыргыз жараны бараткан унаа дарыяга кулап, ал каза болду

Түркиянын Измир шаарындагы жол кырсыкта Кыргызстандын 41 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 14-декабрда болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай, унаасы менен дарыяга түшүп кеткен.

«Тиешелүү органдардын маалыматына караганда, кырсык саат 05:00 чамасында Конак районундагы Шехитлер көчөсүнүн Халкапынар кесилишине жакын жерде болгон. Айдоочусу белгисиз болгон 35 ABT 317 мамлекеттик номурлуу унаа рулду башкара албай, алгач тротуарды сүзүп, андан соң Мелез агымына оодарылып кеткен. Оодарылып кеткен унаанын ичинде мекендешибиз С.Ж. каза болуп, калган 3 адам жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда башкы консулдуктун кызматкерлери ишти өз көзөмөлүнө алып, керектүү мекеме жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын маалымдайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>