Курулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болдуСадыр Жапаров энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу маселесин кароону тапшырдыКРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүнЛондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштырууда
“Сосновка” постунан 1 тоннадай спирт ташып бараткан унаа кармалды
15.12.2022 | 09:44
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек — Ош автожолундагы “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.
Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом