Видео: Чет элдиктин 40 миң долларын карактагандар кармалды

Видео: Чет элдиктин 40 миң долларын карактагандар кармалды

Чет элдик жарандын 40 миң долларын карактоого шектелип уюнкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-декабрда Октябрь райондук милициясына Казакстандын Д.Ш. аттуу жараны кайрылып, 7-декабрда болжол менен саат 15:00до Бишкектеги ботаникалык бакта белгисиз адамдар күч колдонуп, тапанча менен коркутуп, 40 миң доллар акчасын тартып алганын айткан.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 29 жаштагы И.И., 31 жаштагы Б.Б. жана 26 жаштагы Т.У. аттуу жарандар кармалган. Белгилүү болгондой, кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Соттун чечими менен шектүүлөр №1 тергөө абагына камакка алынган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринен 5,5 мин доллар, «Макаров» маркасындагы травматикалык тапанча (беш патрону менен) табылып алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же маалыматы бар жарандарды 0(550)102-607 же 102 номурларына кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>