ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Түркияда Рахманкул хандын 110 жылдыгы белгиленди
30.07.2024 | 09:44
Түркиянын Ван аймагында Рахманкул хандын 110 жылдыгы, Түркиянын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш-чаранын алкагында Рахманкул хандын жаркын элесине арнап куран окулуп, «Көк бөрү» улуттук спорттук оюну, ошондой эле Кыргызстандан келген акын-импровизаторлордун жана жергиликтүү бий тобунун катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Вандык кыргыздарга Нарын облусу белекке берген улуттук боз үй тигилип, анын ичинде Рахманкул ханга арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыздын акыркы ханы Рахманкул хан 1913 -жылы төрөлүп, 1990-жылы Түркияда каза болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом