Бишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөт
Олимпиада: Бүгүн суучул Денис Петрашов жарышка чыгат
30.07.2024 | 09:00
Бүгүн, 30-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарында жарышка чыгат.
Петрашов 200 метр аралыктагы (брасс ыкмасы) жарышка катышат. Аталган дистанцияда 25 суучул 4 топко бөлүнүп сүзөт. Алардын ичинен эрте келген 16 спортчу жарым финалга өтөт. Денис Петрашов үчүнчү топтун катарында таймашка чыгат.
Жарыш саат 16:50до башталат. Аны УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, Денис Петрашов Париждеги оюндардын алкагында экинчи ирет жарышка чыгат. Ал 27-июлда 100 метр аралыктагы жарышка катышып, 23-орунду ээлеп калган.
Петрашов үчүнчү ирет Олимпиада оюндарына катышып жатат.